17-июлда Ай тутулат, астрологдор абайлоону эскертишти

12 июля 2019 15:22 3492 Barometr
Поделиться в:
ok

2-июлда Күн тутулган, эми 17-июлда Ай тутулат. Мындай аралык “тутулуулардын кордидору” деп аталат жана адамдарга өзгөчө таасир берет. Бул тууралуу altapress.ru маалымдады.

Астрологдордун айтымына караганда, тутулуулардын коридору тагдыр чечерлик убакыт болуп саналат.Буга байланыштуу Twitterдин колдонуучулары аталган мезгилде алардын жашоолору кандай өзгөргөндүктөрү тууралуу пикирлерин бөлүшө башташты.  

Тутулуулардын коридору 2-июлда башталган жана 17-июлда- Ай тутулган түнү аяктайт.

 Илимий көз караш менен алганда тутулуулардын коридору-кадимки астрономиялык көрүнүш. Илимий изилдөөлөр тутулуулардын адамдын физикалык же болбосо психикалык абалына таасир бере турганын далилдеген эмес.

Бирок астрологдордун көз карашында Ай менен Күн тутулгандын ортосундагы аралык адамдардын жашоосуна олуттуу таасир берет.

Астролог Марина Скади бул аралыктарда адамдарда олуттуу өзгөрүүлөр боло турганын, алардын арасында конфликттер көбөйөрүн айтат. Адамдарын өздөрүнө билинбеген жаман жактары  алдыга чыгат. Алардын бири-бирине карата жаман ойлору көбөйүп, ачуусун карма албагандыктан ар түрдүү кылмыштар көп жасалат. Каржылык жактан тартыштык болушу мүмкүн. Күтүүсүз окуялар болуп кетет. Анын пикиринде бул арада тагдыр чечүүчү чечимдерди кабыл алган болбойт.

Астролог Эмма Литвинова  17-июлдагы Ай тутулуу күтүүсүз жаңылыктарды алып келет деп билдирди.

Twitterдин колдонуучулары бул теманы кеңири талкуулап жатышат.

Ссылка: https://barometr.kg/17-iyulda-aj-tutulat-astrologdor-abajloonu-eskertishti



Добавить комментарий