17-апрелде Стамбулдан келген бир жүргүнчүдөн COVID-19 аныкталды

23 апреля 2020 15:44 1109 Barometr
Поделиться в:
ok

17-апрелде Түркиядан келген жүргүнчүлөрдүн биринен  ПЧР диагностикасынын жыйынтыгы менен коронавирус аныкталды, аны менен байланышта болгон адам медиктердин көзөмөлүндө обсервацияга алынды.

Калган жүргүнчүлөр Саламаттык сактоо министрлиги бекиткен алгоритм иш-аракеттерине ылайык, биринчи алынган ПЧР анализдеринин терс жыйынтыгынан кийин үй карантинине жиберилди.

Белгилеп кетсек, учуп келген учурда бардыгы үй карантиндин шарттары көрсөтүлгөн сурамжылоо толтурат, эгер алар жок болсо, жарандар 14 күнгө обсервацияга жиберилет.

17-апрелде Стамбул – Бишкек багыты менен 200дөн ашык кыргызстандык келген. Алар келери менен “Ак Кеме” мейманканасына обсервацияга алынган. Кийин бардыгы үй карантинине чыгарылган болчу.

Жалпы Кыргызстан боюнча 631 кишиге коронавирус жукканы тастыкталды.


Ссылка: https://barometr.kg/17-aprelde-stambuldan-kelgen-bir-zhrgnchdn-covid-19-anyktaldy



Добавить комментарий