№16 түзөтүү колониясында кирпич чыгарыла баштады
Беловодское айылындагы №16 түзөтүү колониясында инвесторлордун жардамы менен кирпич чыгарыла баштагандыгын Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан (ЖАМК) маалымдашты.
Ушул жылдын апрель айынан бери 700 000 чийки кирпич чыгарылып, анын ичинен даяр болгон 450сү сатылган. Бир күндө 40 миң чийки кирпич жасалып, бир кирпичтин баасы 5,5 сом экени дагы кабарланды.
Учурда кирпич заводунда түрмөдө жазасын өтөп жаткан 120да адам иштеп жатат. Алдыда кирпич чыгаруунун да жумушчулардын да санын көбөйтүү пландалууда.
Колониянын кызматкерлеринин айтуусунда, кирпичти сатып алууга кардарлар көп болуп, кезекке турууда.
Ссылка: https://barometr.kg/16-tzt-koloniyasynda-kirpich-chygaryla-bashtady
Добавить комментарий ×