16-март күнү жалпы кыргызстандыктар ишембилик өткөрөт
Поделиться в:
16-март күнү жалпы республикалык ишембилик жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
Буга байланыштуу мамлекеттик органдардын жетекчилери алдыдагы ишембиликтин алкагында шаарлардын жана айылдардын социалдык инфраструктурасын жакшыртуу, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу үчүн тиешелүү чараларды көрүүгө тийиш.
Ишембиликтерди өткөрүү боюнча уюштуруу маселелери өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жүктөлөт.
Ссылка: https://barometr.kg/16-mart-kn-zhalpy-kyrgyzstandyktar-ishembilik-tkrt
Добавить комментарий ×