№16 колонияда олтурган үч киши оозун тигүү менен каршылык көрсөтүүдө
Чүй облусундагы №16 абакта үч киши оозун тигип алганын Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү билдиришти. Акыйкатчы институтуна абактагылардын жакындары кайрылып, алардын абалына көңүл бөлүүнү өтүнүшкөн. Ушуга байланыштуу акыйкатчы институтунун кызматкерлери учурда камакта отургандар менен жеринде сүйлөшүү жүргүзүп жатышат. Бул тууралуу толук маалымат сүйлөшүү бүткөндөн кийин маалымдалмакчы.
Ал эми Азаттык радиосуна Жазаларды аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова берген маалыматка таянсак, анда абактагылар оозун тиккен эмес. Үчөө тең ички тартипти бузгандыктан, колония жетекчилиги аларды айып жайына камоону чечкен. Соттолгондор буга каршылык иретинде оозун тиге турганын айтып, нааразылыктарын билдиришкен.
Ссылка: https://barometr.kg/16-koloniyada-olturgan-ch-kishi-oozun-tig-menen-karshylyk-krstd
Добавить комментарий ×