Кыргызстанда 11-декабрда кар жаайт

9 декабря 2019 15:47 698 Barometr
Поделиться в:
ok

10-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 10-декабрда күндүз жана 11-декабрда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда бир аз кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

 11-декабрда күндүз жана 12-декабрда түнкүсүн Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. 12-декабрда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшу күтүлөт.

13-декабрда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ысык-Көл жана Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

14-декабрда кээ бир райондордо жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

15-16-декабрларда кээ бир райондордо бир аз жаан-чачын жаашы мүмкүн. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.

Ссылка: https://barometr.kg/16-dekabrlarda-kyrgyz-respublikasynyn-ajmagynda-ktlgn-aba-yrajy-zhnnd-maalymat



Добавить комментарий