152 адамдын сөөгү SpaceX Falcon Heavy борту менен космоско учурулат

24 июня 2019 11:17 1351 Barometr
Поделиться в:
ok

Кийинки аптада 152 адамдын калдыгы Илон Масктын SpaceX Falcon Heavy борту менен орбитага чыгарылат.Бул тууралуу  news.com кабарлады.

Ракетаны учуруу келе жаткан дүйшөмбүдө кечке маал Флоридада ишке ашмакчы.Бул сүйүктүү жакын адамдарынын өрттөлгөн калдыгын 5000 доллар төлөп космоско учуруп жаткандар үчүн эмоционалдуу убакыттардын бири болмокчу.

152 адамдын үй-бүлөсү 2018-жылы 5000 доллардан ашык каражат төлөп космостук кемеге жакындарынын 7 граммга чейинки күлүн салдырышкан.

Каза тапкан адамдын күлү темир капсулаларга салынып Falcon Heavy жандоочторунун бирине жайгаштырылды. Капсулалардын бетинде ар кандай жазуулар да бар. Мисалы биринде  “жылдызга чейин жет!”,-деп жазылган.

  

 

Ссылка: https://barometr.kg/152-adamdyn-sg-spacex-falcon-heavy-bortu-menen-kosmosko-uchurulat



Добавить комментарий