15-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуккан 29 учур катталып, жалпы илдет жуккандар 1111 кишиге жетти
Поделиться в:
15-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуккан 29 учур катталып, жалпы илдет жуккандар 1111 кишиге жетти. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, катталган жаңы учурлар төмөнкү аймактарда аныкталды.
Бишкек ш. – 6
Чүй облусу - 4
Ош ш. - 4
Ош облусу - 1
Жалал-Абад облусу - 2
Нарын облусу - 11
Ысык-Көл облусу – 1.
Ошондой эле, ооруканалардан 745 бейтап айыгып чыкты.
15-майга карата илдеттен эки киши каза болуп, өлкө боюнча коронавирустан каза болгондордун саны 14 кишиге жетти.
Добавить комментарий ×