ИИМ кызмат учурунда каза болгон кызматкерлерин эскерди

15 мая 2020 11:17 1197 Barometr
Поделиться в:
ok

ИИМдин Ардагерлер Кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаевдин демилгеси менен ички иштер министринин буйругу чыгып, анда 15-май кызматтык милдетин аткаруу учурунда курман болгон кызматкерлерди Эскерүү күнү деп жарыяланган. Жыл сайын ушул күнү ИИМдин ар бир бөлүмдөрүндө кызматтык милдетин аткаруу учурунда курман болгон кызматкерлерди эскерүү кечеси өтөт. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди. 

15-май күнү ИИМдин Даңк Мемориалында аты түшүрүлгөн кызматтык милдетин аткаруу учурунда курман болгон кызматкерлер эскерилди.

Бул салтанаттуу иш-чарада ички иштер министринин орун басары, милициянын полковниги Памир Асанов, ИИМдин Ардагерлер Кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев, ИИМдин Кадрлар башкы башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Эмир Солтонгельдиев жана ИИМдин Басма Сөз кызматынын башчысы, милициянын полковниги Бакыт Сеитовдор катышты. Аталган иш-чарада коомдук тартипти жана жарандардын тынчтыгын коргоп жатып каармандык менен курман болгон кызматкерлердин жаркын элеси эскерилди.

ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев буларга токтолду.

“Биз бүгүн кызмат учурунда эрдик менен коомдук укук тартиптип камсыздоодо каза болгон кызматкерлердин жаркын элесин эскерүүгө чогулдук. “Даңк” мемориалы - бул кызмат учурунуда көз жумган кызматкерлердин жаркын элестерин урматтоо, эр жүрөктүктүн, мекенчилдиктин жана Ата-Мекенге болгон сүйүүнүн символу, муну эстен чыгарбоо менен эскерип туруу жана келечек муундарга бул элести өткөрүп берүү биздин милдетибиз”, - деди ал.

Памир Асанов жарандарды коргоодо кызматтык милдетин так аткаруу менен өз өмүрүн курмандыкка чалган кызматкерлердин каармандыгына терең таазим этти.

“Бүгүн, кесиптештерибиздин эрдиктерин эске алып, жыл сайын 15-май күнү бардык ички иштер органдарында курман болгон кызматкерлерди эскерүү күнү катары белгиленип, өткөрүүдөбүз. Ар бир кыргыз милициясынын алдында коомдук тартипти камсыздоо менен кылмыштуулукка каршы күрөшүү тапшырмасы турат. Кызматтык милдеттерин аткарып жүрүп, курман болгон ички иштер органдарынын кызматкерлерин эскерүүдөбүз. Алардын, ысымы биздин өлкөнүн тарыхында калып, кызмат учурунда курман болгон ички иштер органдарынын кызматкерлеринин жанына жазылды. Алар жарандардын коопсуздугу үчүн, тынчтык үчүн, коомдук тартип үчүн өздөрүнүн милдеттерин так аткарышып, баатырларча курман болушту. Биз аларды эч качан унутпайбыз",- деди ал.

Бир мүнөттүк эскерүүдөн кийин “Даңк” Мемориалында гүл чамбарлар коюлуп, курман болгон кызматкерлерге арналып куран окутулду. 1918-жылдан баштап 1991-жылга чейин республиканын аймагында кызматтык милдетин аткаруу учурунда 87 кызматкер каза болгон, ал эми 1991-жылдан тартып азыркы учурга чейин 57 кызматкер көз жумган. Бардыгы 144 кызматкер кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда каза болушкан. Кыргыз Республикасынын ИИМдин аймактык түзүмдөрүндө дагы эскерүү-иш чаралары өтүп, мемориалдарга гүлчамбарларды коюшуп, курман болгон кызматкерлердин жакындары менен жолугушуу өткөрүлүүдө. Милиция кызматкерлери курман болгон жолдошторун эскеришип, алардын элестеринин алдында таазим этишет.

Ссылка: https://barometr.kg/15-maj-kyzmattyk-mildetin-atkaruu-uchurunda-kurman-bolgon-kyzmatkerlerdi-esker-kn



Добавить комментарий