15 килограмм тоок этин уурдайм деп 6 жылга эркинен ажыратылды

29 октября 2018 14:00 1146 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Талас облусунун тургуну 15 килограмм тоок этин уурдаганы үчүн кармалып, 6 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу КРнын Жогорку сотунун сайтына маалымат жүктөлгөн.

(Аттары өзгөртүлдү)

Маалыматка ылайык Данияр 2018-жылдын 19-мартында сатуу борборунун алдынан 15 килограмм тоок этин уурдаган. Уурулук кылып жаткан учурда ал мас абалында болгон.

Данияр күнөөсүн мойнуна алып, уурдалган товарды башка дүкөнгө 1000 сомго сатканын айтып берген.

Талас шаардык соту Даниярды күнөөлүү деп тапты жана ал 6 жыл эркинен ажыратылды. Ал жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөйт. Сот Даниярга карата мындай чечим кабыл алынганын себебин анын көп жолу соттолгондугу менен түшүндүрдү.

Ссылка: https://barometr.kg/15-kilogramm-took-etin-uurdajm-dep-6-zhylga-erkinen-azhyratyldy



Добавить комментарий