15-апрель: абанын температурасы +25 градуска чейин жогорулайт
15-апрелде түнкүсүн жамгыр жаабайт, күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу аймактарда кар жаайт. Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарында жамгыр жаабайт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25;
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1, күндүз 10…15;
Талас облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 19…24;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27;
Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -6…-11, күндүз 2…7 градус жылуу болот.
15-апрелде Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы: түнкүсүн 9…11°, күндүз 23…25° болот.
Ссылка: https://barometr.kg/15-aprel-abanyn-temperaturasy-25-graduska-chejin-zhogorulajt
Добавить комментарий ×