14 жаштагы казакстандык бала Парижде өткөн маникюр сынагында жеңишке жетишти

24 мая 2021 16:03 2351 Айпери Эшенкулова
Поделиться в:
ok

Казакстандык 14 жаштагы Арулат Мухаметкали аттуу бала Парижде өткөн маникюр боюнча сынакта жеңишке жетишти. Бул тууралуу zakon.kz. сайтына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Экибастуздук өспүрүм үй-бүлөсүнө жардам берүү үчүн адаттан тыш нерсе жасай баштаган. Ал үй-бүлөөдө өзгөчө муктаждыгы бар дагы бир бала өсүп жатат.

Жаш маникюр мастери үчүн бул профессионалдык мелдештердеги биринчи жеңиши эмес. Анын буга чейин Россияда, Португалияда, Украинада, Грецияда, Италияда, Польшада, БАЭде жана Болгарияда өткөн турнирлерде биринчи орун үчүн 12 диплому бар.

Ошондой эле, Арулат бий менен алектенет. Ал инисинин кыялдарын орундатууга жардам берип, курсунун акчасын төлөйт. Иниси болсо чач тарач болгусу келет.

Мындай темп менен, бул үй-бүлөө жакын арада өз салонун ачат. Себеби, балдардын апасы дагы жакында ишкердиктин негиздерин үйрөнгөнү айтылган.

Ссылка: https://barometr.kg/14-zhashtagy-kazakstandyk-bala-parizhde-tkn-manikyur-synagynda-zheishke-zhetishti



Добавить комментарий