14-июнда Кыргызстанда жаан жаайт, Бишкекте күн ачык болот

14 июня 2021 08:59 1065 Айпери Эшенкулова
Поделиться в:
ok

14-июнда Ош, Нарын, Баткен, Ысык-Көл облустарында, Жалал-Абад облусунун кээ бир аймактарында жаан жаайт. Чүй облусунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Жалал-Абад, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Таласта жаан-чачын жаабайт.

Бул тууралуу "Кыргызгидромет” борборунун маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Абанын температурасы:

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Чүй облусунда +25… +30°;

Талас облусунда +24… +29°;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +28… +33°;

Ысык-Көл облусунда +18… +23°;

Нарын облусунда +17… +22°;

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы +27… +29° болот.

Ссылка: https://barometr.kg/14-iyunda-kyrgyzstanda-zhaan-zhaajt-bishkekte-kn-achyk-bolot



Добавить комментарий