Медкызматкерлер арасында коронавирусту жугузгандар 429га жетти. Жаңы 4 учур
Поделиться в:
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
Нарын облусунда – 2, Чүй облусунда – 2 кызматкерден вирус аныкталды.
Ал эми стационарлардан сутка ичинде 18 медкызматкер айыгып чыгарылды.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 менен медициналык кызматкерлер арасында – 429 учур катталды, алардын ичинен 339 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.
Ссылка: https://barometr.kg/13-iyunga-karata-lk-boyuncha-4-medicinalyk-kyzmatker-koronavirus-zhukturup-algan
Добавить комментарий ×