Чоң Чүй каналына түшүп кеткен аял изделүүдө
Поделиться в:
Чоң Чүй каналына түшүп кеткен адамдын сөөгү дагы деле табыла элек. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
13-июль күнү Чүй районундагы Алга айылындагы Чүй каналына (БЧК) 1979-жылы туулган аял киши түшүп кеткен. Кечээ, 15-июль күнү издөө иш-чараларын улантуу максатында 7 куткаруучу тартылган. Бирок, маркумдун сөөгү табылган эмес.
Издөө иш-чаралары бүгүн дагы уланууда.
Ссылка: https://barometr.kg/13-iyulda-kanalga-chgp-ketken-adamdyn-soog-dagy-dele-izdeld
Добавить комментарий ×