13-апрелде Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаайт

13 апреля 2021 09:03 721 Barometr
Поделиться в:
ok

13-апрелде Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорго кар түшөт. Бул тууралуу “Кыргызгидромет” борбору берген маалыматка таянып “Барометр” билдирет.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда +17…+22°;

Талас облусунда  +16…+21°;

Баткен облусунда +18…+23°;

Ош, Жалал-Абад облустарында +18…+23°;

Ысык-Көл облусунда +14…+19°;

Нарын облусунда +13…+18°.

13-апрелде Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы +20…+22° чейин жылыйт.

Ссылка: https://barometr.kg/13-aprelde-kyrgyzstandyn-kpchlk-ajmaktarynda-zhaan-zhaajt



Добавить комментарий