12 жаштагы окуучу кыз кишинин этин жегени аныкталды

6 мая 2019 12:50 19956 Barometr
Поделиться в:
ok

Мектептердин биринде ата-энелер нааразылык билдирип чыгышты. Кубанда болгон бул окуя коомчулукта кызуу талкуу жаратууда. Бул тууралуу Life.ru. кабарлады.

Ата-энелердин нааразылыгы 12 жаштагы кыз каннибализмге айыпталганына карабай, аталган мектепте окуп жатканынан улам келип чыккан.

Мындан улам 12 жаштагы “киши жегич” кызды үйдөн окутууга которушту.

Ата-энелер мындай кызды эркиндикке кое берип, анысы аз келгенсип эмнеге мектепке кабыл алышкандыгына түшүнбөй жатышат.

Басылма белгилегендей, кызды жана дагы бир эркекти 2018-жылы полиция каннибализмге шектүү деп кармаган.

Кыз жана чоң киши жаш жигит менен кафеден таанышып калышкан, андан кийин анын үйүнө барып бир нече күн чогуу турушкан.

Түндөрдүн биринде чатак чыгып эркек киши жаш жигитти өлтүрүп салган. Андан соң анын сөөгүн жиликтеп, жегенге өткөн. Окуучу кыз дагы ага кошулган. Полициялар эркек кишини кармап соттогон, кызды болсо психиатриялык ооруканага жеткиришкен.

Бирок аны кандайча мектепке алып окутуп калышканы так айтылган жок.

Учурда бул факты боюнча тергөө иштери башталды.

 

Ссылка: https://barometr.kg/12-zhashtagy-okuuchu-kyz-kishinin-etin-zhegeni-anyktaldy



Добавить комментарий