12-сентябрда Кыргызстанда өткүн өтүп, күн күркүрөйт
12-сентябрда Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу «Кыргызгидромет» борбору берген маалыматка таянып "Барометр" билдирет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда +21-26°
Таласта +21-26°
Баткен облусунда +26-31°
Ош жана Жалал-Абад облустарында +25-30°
Ысык-Көл облусунда +19-24°
Нарын облусунда +20-25°
Бишкек шаарында күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге жетет. Абанын температурасы +22-24° болот.
Ссылка: https://barometr.kg/12-sentyabrda-kyrgyzstanda-tkn-tp-kn-krkrjt
Добавить комментарий ×