12-майда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаайт

12 мая 2021 09:00 1764 Айпери Эшенкулова
Поделиться в:
ok

12-майда Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу "Кыргызгидромет” борбору берген маалыматка шилтеме кылып “Барометр” билдирет.

Бийик тоолордо кар жаайт. Чүй облусунун кээ бир жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. 

Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет. 

Абанын температурасы:

Чүй облусунда +18… +23°;

Талас облусунда +18… +23°;

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +22… +27°;

Ысык-Көл менен Нарын облустарында +17… +22°;

Бишкекте жаан жаайт. Абанын температурасы +21… +23° градус болот.

Ссылка: https://barometr.kg/12-majda-kyrgyzstandyn-kpchlk-ajmaktarynda-zhaan-zhaajt



Добавить комментарий