Коронавирустун белгилери болсо 118 ыкчам номуруна чалыңыз!
Коронавирус илдети тууралуу суроолор жаралса 118 ыкчам номуруна чалып, кеп-кеңеш алса болот. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
«118 ыкчам байланыш телефону жарандардын кайрылууларын иреттөө катары кызмат кылат, мында коронавирус маселелери боюнча гана кеп-кеңеш алса болот. Жарандар кайрылып, аларга тез жардам кызматын жиберүүнү талап кылууда, бирок бул үчүн 103 номерине чалуу керек, ошондой эле анализдин жыйынтыктарын талап кылып кайрылышат, аны болсо Үй-бүлөлүк медицина борборунан тактоо зарыл», - деп билдирди Бишкек шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Бактыгуль Исмаилова.
Анын айтымында, жарандар көбүнесе келүүгө баш тартуу же ыкчам бригаданын келишин көпкө чейин күткөндүгү үчүн даттанууда, айта кетсем, колл-борбору чыгуулардын графигин көзөмөлдөбөйт. Чалып жаткан адамда COVID-19 илдетинин белгилери дал келбесе, кайрылуу жашаган жери боюнча бейтапканага жөнөтүлөт.
118 колл-борборуна коронавирустун эки же андан көп белгиси (ысык дене табы, жөтөл, көкүрөктүн оорушу, жыттарды сезбей калуу, баш оору жана булчуңдардын оорушу) болгон учурда гана чалуу сунушталат.
Добавить комментарий ×