11-ноябрдан тартып мектептерде реалдуу режимде окуу жанданат

10 ноября 2020 15:05 6066 Barometr
Поделиться в:
ok

Билим берүү жана илим министрлигинин ыкчам аракеттеринин арты менен 11-ноябрдан тартып өлкөдөгү 1489 жалпы билим берүү уюмдарынын 1-6, 9, 11-класстарынын окуучулары үчүн реалдуу окуу режими жанданат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Аймактар боюнча бөлүп караганда:

  • Нарын облусу – 142
  • Жалал-Абад облусу – 220
  • Баткен облусу – 177
  • Ош облусу – 434
  • Ысык-Көл облусу – 160
  • Талас облусу – 77
  • Чүй облусу – 279

 Андан соң, эки жума бою реалдуу режимде окуу процесси жанданган мектептерде мониторинг жүргүзүлөт. Эгер абал туруктуу болуп, жакшы жыйынтык көрсөтсө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана саламаттык сактоонун аймактык органдарынын макулдугу менен башка класстарга дагы реалдуу режимде окууга уруксат берилет.

Ссылка: https://barometr.kg/11-noyabrdan-tartyp-mektepterde-realduu-rezhimde-okuu-zhandanat



Добавить комментарий