11-апрель: Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жамгыр жаайт
Бөлүшүү:
11-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда күн күркүрөп, жаан жаайт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт.
Абанын температурасы:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 15…20;
- Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз 5…10;
- Талас облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 13…18;
- Баткен облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 13…18;
- Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 15…20;
- Ысык-Көлдө түнкүсүн 3…8, күндүз 13…18;
- Нарында түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…5 градус жылуу болот.
11-апрелде Бишкек шаарында түнкүсүн жамгыр жаабайт, күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы: түнкүсүн 6…8°, күндүз 16…18° жылыйт.
Ссылка: https://barometr.kg/11-aprelkyrgyzstandyn-kpchlk-ajmaktarynda-zhamgyr-zhaajt
Добавить комментарий ×