102 ата мекендик ишкана продукцияларын Россия менен Казакстанда сата алат
102 ата мекендик ишкана продукцияларын ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн аймагына (Россия жана Казакстан) сатуусуна мүмкүнчүлүк түзгөн Ишканалардын реестрине кирди. Бул тууралуу Өкмөттүн Аппаратынын маалымат камсыздоо бөлүмү билдирди.
Бирдиктүү реестрга аккредитациядан өткөн мамлекеттик органдардан Евразия экономикалык бирлилигинин шайкештикти баалоосу боюнча 37 аккредитацияланган сыноо лабораториясы (ЕАЭБдин Бирдиктүү реестрине кирген аккредитацияланган сыноо лабораторияларынын 26сы мамлекеттик менчик түрү, ал эми 11 – жеке менчик) кирди.
Бажы биримдигинин/ Евразия экономикалык бирлигинин кабыл алынган техникалык регламентинин 48и сертифиткация боюнча лабораториялар жана органдар Бажы биримдигинин/ ЕАЭБдин 25 техникалык регламенти боюнча аккредитациядан өттү.
Мындан тышкары Бишкек жана Ош шаарларындагы 1 ветеринардык жана 1 фитосанитардык лаборатория аккредитациядан өттү
Добавить комментарий ×