10 жаштагы кызды зордуктады деген кылмышкер кармалды

24 июль 2018 01:00 1998 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Сокулук районунда 10 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган киши кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан маалымдашты. 

Белгилүү болгондой, 2018-жылдын 10-июлунда саат 15:30 дар чамасында 40-45 жаштардагы белгисиз адам  Сокулук районунун базарындагы коомдук дааратканадан алысыраак эмес жерге алдап алып барып 2008-жылы туулган У.Ф  аттуу кызды зордуктоого аракет кылган. Жыйынтыгында10 жаштагы кыз Сокулук райондук ооруканасына жеткирилген.

Бул окуя боюнча  кылмыш иши козголуп, Сокулук райондук ИИБи тарабынан иликтөө жүргүзүлгөн. Иликтөөнүн алкагында соттук-медициналык, соттук-биологиялык жана психологиялык экспертизалар жүргүзүлүп, медициналык билдирүүнүн негизинде зордуктоого аракет жасалгандыгы такталган. КР ИИМнин жетекчилигинин астында бул кылмыштын бетин ачууда Чүй облусттук жана Сокулук райондук ИИБнин кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө тобу түзүлүп, иштеп баштаган. КР ИИМнин өздүк контролуна алынып, кылмышкерди издөө жүрүп жаткан. 

Окуя болгон жерден кыздын айтуусу менен   жакынкы обьектен тартылып алынган видеокамерадан кылмышкердин болжолдуу фото роботу түзүлгөн. 20-июлда издөө иштеринин натыйжасында Сокулук районунун ИИБнин кызматкерлери тарабынан 35 жаштагы Т.Б аттуу Нарын облусунун жашоочусу кармалды. 10 жаштагы кыздын катышуусу менен кылмышкер таанылып, бул факты боюнча 130-беренеге ылайык ("Зордуктоого аракет кылган" ) камакка алынды. Учурда сурак иштери уланууда. 

Ссылка: https://barometr.kg/10-zhashtagy-kyzdy-zorduktady-degen-kylmyshker-karmaldy



Добавить комментарий