10-сентябрга карата аба-ырайы

10 сентября 2018 12:00 1384 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Кыргызстанда бүгүн күндүн табы ысык делген аймактарда +32 градуска чыгат жана Ош менен Бишкек шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй менен Талас өрөөндөрүндө +22…+27 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +27…+32, Ысык-Көл жана Нарын облустарында +21…+26 градус ысык болот.

Ал эми Бишкек менен Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүн табы Бишкекте +25…+27, Ош шаарында +29…+31 градуска жетет.



Ссылка: https://barometr.kg/10-sentyabrga-karata-aba-yrajy



Добавить комментарий