10-ноябрь Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнү. Бул күндүн келип чыгуу тарыхы
Бүгүн, 10-ноябрь Бүткүл Дүйнөлүк Жаштар күнү. Бул күн 1945-жылы 29-октябрдан 10-ноябрга чейин Лондондо өткөн Бүткүл Дүйнөлүк Жаштар Конференциясында белгиленип калган.
Бул тарыхый конференция Экинчи Дүйнөлүк Согуш учурунда фашизмге каршы күрөшүү максатында Бүткүл Дүйнөлүк Жаштар Кеңешинин демилгеси менен демилгелүү жаштар тарабынан түзүлгөн. Конференция биринчи жолу эл аралык жаштар кыймылынын өкүлдөрүнүн башын бириктирип, анда 30 миллиондон ашык ар кандай саясий идеологиядагы жана диндеги, 63төн ашык улуттун жаштары чогулушкан.
Андан бери эл аралык жаштар уюмдарынын ассоциациясы саясий жана диний көз караштарына, расасына жана улутуна карабастан, бүткүл дүйнөнүн жаштарын бириктирип, эл аралык демократиялык жаштар кыймылынын борбору болуп калды.
Бул уюм тынчтык, жаштардын укуктары, элдердин көз карандысыздыгы, колониализмге, неоколониализмге, фашизмге жана расизмге каршы күрөшүп келет.
Жаштар тарабынан уюштурулган эң белгилүү иш-чара - бул жаштардын жана студенттердин фестивалдары. Жаштардын жана студенттердин Бүткүл дүйнөлүк I фестивалы 1947-жылы Прагада өтүп, ага 17 миң катышуучу чогулган.
Бүгүн, 10-ноябрда Кыргызстанда да "жаштар күнү" белгиленет. Майрамды утурлай, Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров келечек муунду "жаштар күнү менен" куттуктады.
"Өлкөдөгү болуп жаткан адилетсиздиктин, максатсыз кадамдардын, мыйзамсыз иштердин алдына бөгөт коюп, бийликтен адилеттүүлүктү талап кылган дагы биздин жаштар болду. Кыргызстандын өсүп келе жаткан жаш муундарынын арасында дүйнөдө чоң ийгиликтерге жетишип, бийик чокуларды багындырган жаштардын аз эмес экендиги бизди кубандырбай койбойт", — деди Жапаров.
"Барометрдин" жалпы жамааты да Кыргызстандын келечеги болгон жаштардын майрамы менен куттуктайт. Билимдүү, кесипкөй, тажырыйбалуу жаштар өлкөнүн жаркын келечеги. Кыргызстаныбыздын өсүп-өнүгүүсүнө жаштардын салымы чоң. Андыктан, мамлекетибиздин эртеңи болгон билимдүү жаштарыбыздын арбын болушун тилек кылабыз!
Ссылка: https://barometr.kg/10-noyabr-btkl-djnlk-zhashtar-kn-belgilend-majramdyn-kelip-chyguu-taryhy
Добавить комментарий ×