10-июнь: Кыргызстанда көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

10 июня 2019 08:13 823 Barometr
Поделиться в:
ok

10-июнда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолорго кар түшөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда, Ысык-Көл облусунда катуу жаан-чачын болушу мүмкүн. Тоо этектеринде мөндүр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Баткен, Ош, Жалал-Абад, Чүй облустарында түнкүсүн 12...17, күндүз 19...24;

Талас жергесинде түнкүсүн 8...13, күндүз 17...22;

Нарын жана Ысык-Көл дубандарында түнкүсүн 4...9, күндүз 15...20;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2...-7, күндүз 2...7 градус болот.

Бишкек шаарында жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16, күндүз 21…23 градус болот.

Ссылка: https://barometr.kg/10-iyun-kyrgyzstanda-kpchlk-ajmaktarda-zhaan-zhaajt



Добавить комментарий