10-декабрга чейин электр энергиясына карызыңызды төлөңүз
"Дүйшөмбү күнү, 10-декабрда “Түндүк электро” ААКнын электр энергияны коммерциялык эсепке алуу жана маалыматтык-ченөө автоматташтырылган системасы Бишкек шаарындагы төлөмдөрдү өз маалында жүргүзбөгөн 7 360 турмуш-тиричилик абоненттердин электр камсыздоосун дистанциондук түрдө өчүрөт. Керектөөчүлөрдүн карыздарынын жалпы суммасы 29 млн. сомду түзөт" - деп “Түндүк электро” ишканасынын басма сөз кызматкери Бегимай Төрөбаева маалымат берди.
Ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн акционердик коом абоненттерди электр энергияга болгон эсеп-кысапты өз маалында жүргүзүүгө чакырат.
“Түндүнк электро” ААК төлөмдөрдү учур чак менен кабыл алат. «Мобильник», «QIWI», «Quickpay», «UMAI» төлөм терминалдарынан, ошондой эле «Мобильник», «UMAI» электрондук капчыктарынан, «Кыргызпочтасы» МИ, «Айыл Банк» кассаларынан жүргүзүлгөн электр энергия эсептери тууралуу билдирме “Түндүк электро” ААК маалымат базасына ошол замат түшөт.
Эске салсак, “акылдуу” эсептегичтерге (ЭКЭАМЧАС эсептегичтери) кошулган жана өз убагында төлөм жүргүзүлбөгөндүгү үчүн дистанциондук түрдө өчүрүлгөн керектөөчүлөрдүн электр жарыгы, төлөм толук жүргүзүлгөнү тууралуу “Түндүк электро” ААКнын маалымат серверине билдирме түшкөн соң электр жарыкка кошулат. Андан кийин, серверден автоматташтырылган система адамдын катышуусуз абоненттин эсептөө приборуна кошулууга билдирме жөнөтөт.
Ссылка: https://barometr.kg/10-dekabrga-chejin-elektr-energiyasyna-karyzyyzdy-tlz
Добавить комментарий ×