1-октябрдан тарта пенсиялар көбөйөт

1 октябрь 2018 13:30 1589 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Үстүбүздөгү жылдын 1-октябрдан тарта пенсиялар көбөйөт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.  

Маалым болгондой, тиешелүү токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Ага ылайык, пенсиялардын негизги бөлүгү 105,5 пайызга же 100 сомго көбөйөт.

Ал эми камсыздандыруу бөлүгү 250 сомдон 370 сомго чейин жогорулайт.

Бул максатта Каржы министрлигине эмки жылдын бюджетинен 73 миллион сомдон ашык акча караштыруу милдети жүктөлдү.

Ссылка: https://barometr.kg/1-oktyabrdan-tarta-pensiyalar-kbjt



Добавить комментарий