1-июнга карата аба ырайы: тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн

1 июня 2021 09:07 1582 Айпери Эшенкулова
Поделиться в:
ok

1-июнда Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу "Кыргызгидромет” борборуна шилтеме кылып “Барометр” билдирет.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда  +30… +35°;

Талас облусунда +28… +33°;

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +32… +37°;

Ысык-Көл облусунда +24… +29°;

Нарын облусунда  +23… +28°;

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы +33… +35°.

Ссылка: https://barometr.kg/1-iyunga-karata-aba-yrajy-tooluu-rajondordo-kar-zhaashy-mmkn



Добавить комментарий