1-февралда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кар жаайт
Поделиться в:
1-февралда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жамгыр, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу “Кыргызгидромет” борбору берген маалыматка таянып “Барометр” билдирет.
Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда +5...+10°,
Талас облусунда +6...+11°,
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +9...+14°,
Ысык-Көл облусунда +2...+7°,
Нарын облусунда -1...-6° болот.
Бишкек шаарында кар жаайт. Абанын температурасы +8...+10° жылуу болот.
Ссылка: https://barometr.kg/1-fevralda-kyrgyzstandyn-kpchlk-ajmaktarynda-kar-zhaajt
Добавить комментарий ×