1-декабрдан тарта Бишкекте кинотеатрлар, фудкорттор жана компьютердик клубдар иштеп баштады
Поделиться в:
Бишкекте 1-декабрдан тарта кинотеатр, компьютердик клуб жана фудкорттор иштеп баштады. Бул тууралуу вице-мэр Айжан Чыныбаева маалымат жыйын учурунда билдирди.
Чыныбаеванын айтымында, ишкерлерге бир нече санитардык талаптар коюлган.
"Ишин жанданткан мекемелерде санитардык талаптар аткарылышы керек. Алсак, бөлмөнү 15-20 мүнөт сайын желдетип туруу, социалдык аралыкты сактоо, жарандар бет кап тагынып, шахматтык негизде отурушу зарыл. Ал эми, тамактануучу жайлардын 50 пайызында гана адамдар олтуруп, тамактанууга уруксат берилет", - дейт ал.
Добавить комментарий ×