Ат-Башынын жаштары көк бөрүдөн утуп алган унаасын имамга белекке беришти (сүрөт)

24 ноября 2020 12:02 1970 Barometr
Поделиться в:
ok

Нарын облусунун Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылынын жаштары көк бөрүдөн утуп алган авто унаасын айылдын имамына белекке беришти. Бул тууралуу Ат-Башы айылынын имамы Мирбек Кулматовдун маалыматына таянып "Барометр" билдирет.

Маалым болгондой, 20-ноябрда жума күнү Ат-Башы районунун айылдары арасындагы  көк бөрү оюну болуп өткөн. Анда, баш байгеге жеңил автоунаа коюлуп, Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылынын жаштары баш байгеге ээ болушкан.

Айылдын жаштары аталган унааны айылдагы мечитте көп жылдан бери имамдык кылып келе жаткан Медер Турдубековго берүүнү ылайык көрүштү.

«Баш-Кайыңды айылынын имамына айылдын улак тарткан улакчы жаштары район боюнча өткөн улак тартыштан байгеге алган «Жигули» унаасын белекке беришти. Муну алар айылдагы мечиттин иштерине пайдалануу максатында тапшырышты. Мындай жакшы иш үчүн айыл аксакалдары дагы ыраазылыгын билдиришип, айылдын жаштарына батасын беришти»,- деди Мирбек Кулматов. 

Ссылка: https://barometr.kg/-bashynyn-zhashtary-kk-brdn-utup-algan-unaasyn-imamga-belekke-berishti-srt



Добавить комментарий