Ат-Башынын Ача-Кайыңды айылынын тургундары Нарын медресесине жардам көрсөттү (сүрөт)
Күздүн кирип келиши менен Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын жергиликтүү тургундары Нарын медресесин колдоо максатында өз ыктыяры менен күзгү түшүмдөн үшүр жыйнап беришти. Бул тууралуу Ат-Башы районунун хатибиятынын маалыматына таянып "Барометр" билдирет.
Хатибияттан билдиришкендей, Ат-Башы районунун хатибиятынын кызматкерлери жана айылдагы имамдар аталган айылга барышып, кайрымдуулук кылган тургундардын берген түшүмдөрүн жыйнап келишти. Үшүрдүн көпчүлүгү картошка болгондуктан, ал азыктар Нарын медресесинин студенттеринин тамак-ашына керектелмек. Ошондой эле аз камсыз болгон муктаждыгы бар үй-бүлөлөргө таратылып берилмекчи.
Мындан сырткары Нарын облусунун Ат-Башы, Ак-Талаа, Нарын, Кочкор жана Жумгал райондорунда дагы райондук хатибияттар, Нарын медресесинин мугалимдери жана студенттери тарабынан үшүр жыйноо иштери дагы жүргүзүлүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/-bashynyn-acha-kajydy-ajylynyn-turgundary-naryn-medresesine-zhardam-krstt-srt
Добавить комментарий ×