Ат-Башылыктар Саламат Садыкованы кечирим суратышты (видео)
Соц тармактарда Кыргыз Республикасынын Эл артисти Саламат Садыкованын “Ат-Башы, Нарын кытайлашып кеткен. Биз тунук кыргызбыз!”- деп айтылган сөзүнүн тегерегинде сын пикирлер айтылып жатат. Бул тууралуу соц тармактагы маалыматтарга шилтеме берип «Барометр» билдирет.
Аталган видео тасма интернетке жарыяланары менен бир топ элдин ачуусуна тийди. Айрымдары Эл артистинин баардык мамлекеттик наамдарынан ажыратуу керектигин айтып чыгышты. Элди бөлүп-жарды, Нарындыктырды кытайсыңар деди деген кызуу талкуу соц тармакта күчөдү. Ырчыга жан тартып кечирип коюну өтүнгөндүр да болбой койгон жок.
«Жаңылбас жаак болбойт, мүдүрүлбөс туяк болбойт. Асте бол улуу Кыргыз! Сиңимдүү бол Теңир-Тоолук! Көпөлөктөй бир кызыңды ур-тепкиге ала берсең эмне пайда? Түшүнгөндүр, өкүнгөндүр. Тили бар киши жаңылаар, жазаар», - деген билдирүүлөрдү калтырышты.
Төкмө акын Аалы Туткучев да Саламат Садыкованы жогору бааларын билдирип, жаштарды жаман сөз айтпоого чакырды.
«Бала кездин ар бир таңында Саламат Садыкова эженин “Ала-Тоо” ыры жаңырып мектепке ойготоор эле. Уйкудан гана ойготпой, сезимди да ойготууга салымы зор. Ал учурда айрымдарыбыз нанды “Нана”, этти “быпый” деп жүрсөк керек. Айткан ушакчы эмес, тараткан ушакчы. Кооз өскөн гүлдүн жанында тезек жаткандай эле, жакшынын жанында жамандар да жүрөт. Тар чөйрөдө тамаша катары нелер гана айтылбайт. Аны элге таратуу карамүртөздүн кылган иши. Жаман сөз айтпагыла жаштар.Ал эми, менин илгери бир ырдаган ырымды колдонуп чабыштырып жаткандар этияттагыла. Элибизде ынтымак болсун!» - деп жазат Аалы Туткучев.
Ат-Башы, Нарын элинен расмий кечирим сураныз деп видео кайрылуу да жолдогондор да четтен чыкты.
Буга байланыштуу ырчы тасмага тартылып алынган сөзү тууралуу төмөнкүдөй пикирин жарыялап, Ат-Башы элинен кечирим сурады:
“Улуу урматтуу Ат -Башылыктар кечириңиздер, кечиресиздер ! Карантүнгө кабылганы адамдар жансоогалап агарды, жумшарды, жүрөктөр сыйга толду дегемин… Атаганат жамандыка шайма-шай көбүгүн сапырган көккө учурууга, адамды жарга түртүп салып, моокумдары канып жаткандардын, топ-топ болуп мени сындырууга, болушунча кадырыма бок сүйкөгөнү даяр жүргөндөрдүн тойлоп жаткандыгында, эртең дагы бир кыргыздын көзүн жабалактап, боктобосо эле кубанамын. Өсүп жатыптыр биздин коомдогу жаракаттын, жарылуунун авторлорунда хайптын артындагы калптын казаны ушуну менен агарып кетсе мен башымды төмөн түшүрүп кечирим суроого жалпы ак ниеттүү адамзаттын урпактарынын бийиктеп көктөгөнүн көргүм келет!
Бар болгула оболу, асыл элим!
Астра айланайын, өмүрүңө өмүр берсин жараткан. Мен жанымдагы кишини таптакыр тааныбаймын, ошол күнү таза аба эңсеп барганымда да бир жума бою, жалаа ушактардын астында калып, көңүлүмдү аруулап келсем деген гана жан далбасамдын артында изимден атайын аңдыган кара ойлуулардын, камданып барып, тооруй чыгып өздөрү сөздү баштап, мен ооба туура айтасыз өзүбүздү сыйлайлы, босогобуздан сырттан каптагандар да жетиштүү деген ак көңүлдөн айтылган оюмдун бурмалап жатканын билсемчи….
Мен ошол тегеректеп тургандарды тааныбаймын, бир үй-бүлө болсо керек деп түшүнгөмүн. Көрсө, мени каралоо үчүн уюшулган топтордун бар экени тынчтыгымды бузуп, түн уйкумдан ажыратып, ден-соолугумду алсыратышып, ашынып жаткандарга теңеле албаймын", - деп жалпы элден кечирим сурады Саламат Садыкова.
Добавить комментарий ×