Ат-Башыда унаа оодарылып кетип, айдоочу аман калды

29 сентября 2020 10:17 943 Barometr
Поделиться в:
ok

Ат-Башыда унаа оодарылып кетип, айдоочу кыпчылып калган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Кечээ, 28-сентябрда Ат-Башы районунда саат 15:33тө Ача-Кайыңды жана Баш-Кайыңды айылдарынын ортосунда БМВ-525 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен.

Жерине  КР ӨКМнин №45 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары куткаруучу тартылып, унаада кыпчылып калган айдоочуну (1985-жылы туулган) чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Ссылка: https://barometr.kg/-bashyda-unaa-oodarylyp-ketip-ajdoochu-aman-kaldy



Добавить комментарий