Ат-Башыда мал уурулукка шектүү жарандар кармалды (сүрөт)

19 октября 2020 14:21 1678 Barometr
Поделиться в:
ok

Ат-Башыдан жылкы уурдаганга шектүү топ кармалды. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

14-сентябрда жергиликтүү милиция бөлүмүнө Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылынын 1977-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылып, минип жүргөн атын тушап койгон жеринен белгисиз адамдар уурдап кетишкендигин билдирип, таап берүүгө жардам берүүлөрүн суранган.

Аталган факты Ат-Башы РИИБи тарабынан кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүштүк иши ачылган.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары Ат-Башы районунун тургундары 1979-жылы туулган  Ш.А, 1996-жылы туулган Ж.У. жана мал уурулук менен мурда сот жообуна тартылган ошол эле райондун тургуну 1980-жылы туулган К.Ж кармалган. Шектүүлөр күнөөлөрүн толугу менен мойнуна алгандыктан Ат-Башы РИИБнун убактылуу кармоочу жайына 14-октябрда камакка алынып, Ат-Башы райондук соту тарабынан үй камагына чыгарылды.

Жогорудагы кармалган жарандар башка да кылмышка катыштыгы бар болушу мүмкүн экендиги боюнча ыкчам иликтөө иштери жана тергөө амалдары жүрүп жатат.


Ссылка: https://barometr.kg/-bashyda-mal-uurulukka-shekt-zharandar-karmaldy-srt



Добавить комментарий