Ат-Башыда калың жааган кардын астында калган мал изделүүдө
Бөлүшүү:
Ат-Башы районунда калың жааган кардын кесепетинен жоголгон 100 ашуун кой изделип жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Билдирүүлөргө караганда, 23-май күнү саат 20:00 чамасында калың жааган кардын кесепетинен Ак-Сай өрөөнүндөгү Үч-Эмчек жайлоосунда Рысбек уулу Т. аттуу чабандын 800 баш кой-эчкилери ар-тарапка бөлүнүп, жоголгон. 24-25-май күндөрү чабандын болжолу менен 472 кой-эчкиси тирүү, 215 койу өлүк табылган. Эми калган 100 ашуун кою белгисиз болуп, азыркы тапта издөө иштери улантылып жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/-bashyda-kaly-zhaagan-kardyn-astynda-kalgan-mal-izdeld
Добавить комментарий ×