Ат-Башы районуна логистикалык борбордун курулушу апрелде башталат

22 января 2020 11:28 4708 11 Barometr
Поделиться в:
ok

"Ат-Башы экономикалык аймагы" компаниясынын учредителдеринин бири Эмил Абдыкадыров Ат-Башы районуна курула турчу кыргыз-кытай биргелешкен логистикалык борборунун курулушу апрелден тарта башталарын маалымат жыйында билдирди.

Ал өз сөзүндө логистикалык борборду куруу боюнча сүйлөшүүлөр тогуз айдан бери жүрүп жатканын айтты.

Абдыкадыров кытайлык ишкер бул жердеги борбордун инфраструктурасы үчүн 280 миллион доллар сала турганын белгиледи.

Ал андан сырткары логистикалык борбор үчүн бөлүнгөн 200 гектардын 80 гектарына өндүрүш үчүн ылайыкташтырылып, 10 чакты завод-фабрика куруларын кошумчалады.

"10 чакты завод кура турган болсок, анын ар бирине 10 миллион доллардан кетсе эле 1 миллиард долларга чейин инвестиция тартылат. Ушуларды тартыш үчүн инфраструктара керек", — деди ал.

Абдыкадыров ошондой эле, быйыл күздө логистикалык борборго 8 кабаттуу мейманкана жана административдик имараттар курулуп, алардын ачылышы болорун белгиледи.

Ссылка: https://barometr.kg/-bashy-rajonuna-logistikalyk-borbordun-kurulushu-aprelde-bashtalat



Добавить комментарий

  • Дуйшенбек 5 лет назад
    Айлык акысын (ар бир жаран учун) ар бир чет элдик консультанттардан кем болбош керек деген норма киргизуу керек
  • Керимкул 5 лет назад
    Кеп 280 млн $ инвестицияда эмес.кеп 10 заводдо эмес.кеп канча кытай келет алар ошол бойдон Кыргызстанда калып калуусу да.280 кытай келсе артынан квота боюнча 1280 кытай келет.алар ошол бойдон чыкпайт.жер биздики завод биздики дейт.
  • Элдин уруксаты жок эле кура бересинерби. Эл маакул болсо курасынар. Болбосо жок
  • Аманбол 5 лет назад
    Нарын кытайга өттү десек жаңылбайт окшойбуз . Он жылдан кийин Нарындык туугандар Сунь -Вынь ,Лин -пин деген фамилиялар менен чыга келишет экен да .Алакандай мамлекетти жок кыла турган болдук.
    • Нарын эли саясат менен бийлик менен иши жок оз тириликтери менен алек дешип атты беле.мына буйруса Нарында да башталат эми ызы чуу.ошол 8 этаж мейманкана толугу менен кытай жарандары учун курулат.алар убактылуу кытай жараны бир аздан кийин кыргыз жараны болуп чыга келет биздин бийликтегилердин жардамы менен
  • Кытай менен мамиле кылган ото коопту деп ойлойм , анын устуно чондоубузда Тен Ата суйлошо албай алданып калчудай болуп турам Кытай 10 завод салат деп налогун эсептеп байып жатса керек , завод салыгансон Оз жерине кет деп айта алабыз буларын же куо бала болобу ал жагын ойлодубу чондорун...
  • Ат башыга бир тыныраак башка эле нерселерди салып жыргаткылачы кытайларын келсе иштин буткону
  • Эмне ондуро турган завод фабрика курулат?же жон эле Беш-Сары,Дордой сыяктуу соода туйундор,,мейманкана,ресторан курулабы?Ондуруш болсо жакшы.эл жумуш менен камсыз болот.соода борборлору болсо анда дагы эле кымбат аренда толоп,эл дагы эле башка бироонун чонтогу учун иштейт.
  • Эл макул жок артынарды ойлобой калдынар келечек эмне болот кытайдын баары кочуп келет анан жада калса гражданство да бересинер акча деп сатылып элдин каарына каласынар го кытайга карыз олчоюп жатат аны чондордун башы ооруган жок кунумдук жыргалды ойлоп жатабыз
  • Атат элем алдыман чыкса ушуларды
  • Эч кандай заводун гостиницанын кереги жок. Эки үч адамдын өз кызыкчылыгы үчүн боло турган иш. Нарындык туугандар караманча каршы тургула болбосо кытайга сатылдык деп эсептей бергиле. Силерди жеринер элинер менен кошуп баягы эле тойбогон куу кекиртек афиристтер өз кызыкчылыктары үчүн сатыпжиберишет. Керек болсо алар энесин кызын сатып жибергенге даяр куу кекиртек эл бузар журт бузар манкурттар.