Гулзат Мамытбек Сапар Исаковго ролик тартты (видео)

12 май 2018 12:06 16270 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өзүн саентолог-мусульманмын деп эсептеген белгилүү блогер Гүлзат Мамытбек экс-өкмөт башчы Сапар Исаковду өзүнүн роликтеринин биринде колдоого алып чыкты. Ал Исаков менен кызматташууга ниети бар экенин билдирди.

 “Бул видеону өзүмдүн тууганым Сапар Исаковго арнагым келет. Сиз Кыргызстандын гана эмес ааламдын тарыхында кала турган эң мыкты өкмөт башчы болдуңуз. Туруңуз жана баарын сууга таштаңыз. Балким сизге кимдир бирөөлөр түшүнбөй калгандыр, кимдир бирөөлөр бут тоскондур. Баарын кечириңиз. Мен сиздин командадамын.Мен жакында  кайтып келем. Биз дүйнөгө Кыргызстанды таанытабыз”,-деп айтат ал өзүнүн видеосунда.

Эскерте кетсек, 10-майда парламентте Бишкек ТЭЦиндеги авариянын жагдайларын иликтөө жана модернизация иштери боюнча депутаттык комиссиянын жыйынтыгынын кортундусунда Сапар Исаковду күнөөлөшкөн.  

 

Ссылка: https://barometr.kg/content14347



Добавить комментарий