Депутаттык комиссиянын бүтүмү: ТВЕАны Сапар Исаков сунуштаган

10 мая 2018 16:37 828 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 10-майда парламенттин жыйынында депуттар Бишкек ТЭЦиндеги авариянын жагдайларын иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын жыйынтыгын угушту.

Комиссиянын башчысы Улан Примов жыйынтыктарды окуп жатат.

Анын айтымында, комиссия Кытайдын ТВЕА компаниясын тартып келүү менен ТЭЦти жаңылоо демилгесин ошол кезде президенттин аппаратынын бөлүм башчысы болуп турган Сапар Исаков көтөргөн.

Ал президентке Бишкек ТЭЦин жаңылоо ишине ТВЕАны алып келүүнү суранган жана президенттен тиешелүү тапшырма берүүнү өтүнгөн.

Министрлик тапшырманы аткарган, бирок “Электр станциялары” техникалык негиздемени көрсөтпөй министрликти туура эмес абалга кептеген.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content14275



Добавить комментарий