Улан Чалбаев тергөө аяктаганга чейин камакта болот

23 апреля 2018 15:48 557 Barometr
Поделиться в:
ok

Башкы прокуратуранын соттордун ыйгарым укуктарын камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы, 200 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалганы кабарланган Улан Чалбаевге Кылмыш-жаза кодексинин 313-1-беренеси (“пара алуу”) боюнча айыбы угузулду. Бул тууралуу бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен тергөө аяктаганча УКМКнын тергөө абагында кармалып турмай болду. Учурда тергөө иштери уланып жатат.

Улан Чалбаевди 16-апрелде УКМКнын кызматкерлери колго түшүргөн. Айрым маалыматтар боюнча, ал азырынча аты айтылбаган жарандан пара катары 500 миң доллар талап кылган. Анын кайсы иш үчүн пара алганы азырынча айтыла элек.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content13671



Добавить комментарий