200 миң доллар пара алган прокуратура кызматкери эсин жоготту
Поделиться в:
Башкы прокуратуранын 200 миң доллар пара менен кармалган кызматкеринин кан басымы жогорулап кетип ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.
Эскерте кетсек, кечээ 16-апрелде Башкы прокуратуранын соттогу өкүлчүлүк жана мамлекеттик айыптоону кармап туруу боюнча башкармалыгынын башчысы Улан Чалбаев пара алып жаткан учурда кармалган.
Кармоо учурунда прокуратура өкүлүнүн кан басымы жогорулап, өзүн жоготуп ага тез жардам чакыртышкан.
Учурда бул факты боюнча тергөө баштады.
Ссылка: https://barometr.kg/content13463
Добавить комментарий ×