КСДП Атамбаевдин Кытайга эмнеге кеткенин маалымдады

9 апреля 2018 21:04 2319 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын социалдык демократиялык партиясынын лидери Алмазбек Атамбаев Кытайга форумга катышуу үчүн кетти. Бул тууралуу  КСДПнын штабынан кабарлашты. 

“Кытай тараптын чакыруусу менен Алмазбек Атамбаев Хайнань провинциясында Боаос азия форумуна катышып жатат. Форумдун темасы-Азиянын инновациялары”,-деп кабарлашты штабдан.

Форумдун расмий жабылышы эртең болот.

Эскерте кетсек, бир аз мурда Алмазбек Атамбаев саясатка кайтып келген жана КСДПны кайрадан жетектей баштаган.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content13221



Добавить комментарий