Нариман Түлеевдин соода борбору менчиктештирилет
Поделиться в:
Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевдин “Караван” соода борбору менчиктештирилет. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Ренат Тулебердиев парламентте өткөн жыйында билдирди.
""Караван" соода борбору менчиктештириле турган объектилердин тизмесине кирди",-деп айтты Тулебердиев.
Эскерте кетсек, «Караван» соода борборун мурдагы баш калаанын мэринин менчик объектилери менен бирдикте конфикациялашкан.Соода борбору 2017-жылы апрель айында мамлекеттин карамагына өткөн.
Нариман Түлеев коррупция беренеси боюнча айыпталып соттолгон.
Ссылка: https://barometr.kg/content12508
Добавить комментарий ×