Нариман Түлеев: Максим Бакиевдин коттеж шаарчасын бир квартиранын баасына сатышты
Парламенттин экс-депутаты Нариман Түлеев өкмөт Максим Бакиевдин VIP-коттедждерин арзыбаган баага сатканын айтты. Бул тууралуу ал өзүнүн баракчасына жазды.
Түлеевдин кабарында:
“Бийликтин уяты жоктугу ушунча, коррупция менен күрөшүп жатабыз деп жар салышканы менен бийликке жакындардын баары мамлекеттик мүлктөрдү арзыбаган баага алып жатышат.
Резиденциянын жогору жагындагы коттеж шаарчаны 2 миллион долларга сатышты. 12 гектардан ашык жер, салынып бүткөн 48 үй үч бөлмө квартиранын баасына кетти”,-деп нааразы болду экс-депутат.
Эскерте кетсек, 19-сентябрда Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду аукциондо “Идеал Хаус” курулуш компаниясы курган "Ала-Арча” резиденциясынын жанындагы Максим Бакиевдин VIP-коттедждери деп аталган комплексти атамекендик «ВостокТехКомплект» компаниясына 142 миллион сомго саткан.
Бул объект 2010-жылы улутташтырылып, 2015-жылы объектинин бааланган баасы 242 млн 362 миң сомду түзгөн
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду коттеджердин алгачкы баасы катары 130 млн сомду белгилеген.
Ссылка: https://barometr.kg/content6683
Добавить комментарий ×