«Иштамберди» кенин иштетип жаткан компания 400 жумушчуну иштен бошотту

5 января 2018 16:46 2187 Barometr
Поделиться в:
ok

“Иштамберди” алтын кенин иштетип жаткан “Фулл Голд Майнинг” кытайлык ишканасы жумушчулардын 2018-жыл үчүн эмгек келишимин узарткан эмес. Бул тууралуу бүгүн, 5-январда, Кыргызстандын Тоо-металлургия профсоюзунун төрагасы Эльдар Таджибаев билдирди.

Анын айтымында, компания жапырт түрдө 400 кызматкерди (Кыргызстандын жарандары) иштен бошотту.

"Макулдашуулардын мөөнөтү аяктагынан айланыштуу жумушчулар менен эмгек мамилелерин токтотуу тууралуу тиешелүү буйрук кабыл алынган. Буга катар каржы абалына байланыштуу, ишкана эмгек келишимдеринин мөөнөтүн узартпайт”,-деп жазды ал.

Таджибаев профсоюздун атынан, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитети менен Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан, мындай жаралган келишпестикке кийлигишүүсүн жана кендеги иштерди кайтадан жүргүзүүгө жардамдашуусун, ошондой эле «Фулл Голд Майнинг» ишканасында эмгектенген кыргызстандык жумушчулардын мыйзамдуу укуктарын коргоосун өтүнөт.

Ссылка: https://barometr.kg/content10423



Добавить комментарий