Өмүрбек Бабанов саясаттан толугу менен кетерин жарыялады

30 декабря 2017 16:29 1385 Barometr
Поделиться в:
ok

"Республика Ата-Журт" фракциясынан депутат Өмүрбек Бабанов саясаттан кетип жатат. Бул тууралуу партиянын штабы жайылткан эл өкүлүнүн кайрылуусунда айтылган. Бабанов депутаттык мандаттан баш тартууну чечти.

«Кымбаттуу мекендештер! Урматтуу кыргызстандыктар! Түшүнүү жана колдооңуздарга ыраазычылык билдирем! Кыргызстанда демократиялык, атаандаштык президенттик шайлоолор болду, мында биринчи кезекте, өлкөдөгү туруктуулукту сактоо жана бекемдөөдө татыктуу салым кошкон мурунку мамлекет башчы А.Ш.Атамбаевдин эмгеги бар. Биздин программа жана  реформалар эл арасында колдоо тапканына сыймыктанам. Бир гана баарына чыныгы максатты жеткире албаганыма өкүнөм, менин катам ушунда. Мага үмүт арткан, мен таарынтып алган, мага добушун берген ар бир жарандан кечирим сурайм. Тарых баарына өз баасын берет.

Кымбаттуу кыргызстандыктар, партиялык ишмердүүлүктү кошуп, саясаттан толугу менен кетип жатканымды жарыялайм. Бул жөнөкөй жана оңой эмес чечим, бирок ал мындай түзүлгөн кырдаалда кабыл алынган туура чечим деп эсептейм. Буга байланыштуу, депутаттык ыйгарым укуктарымды тапшырууну жарыялайм.

Өзгөчө, мени колдоп келген ишенимдүү командама, партиялаштарыма жана тарапташтарыма терең ыраазычылыгымды билдирем. Менин тарапташтарыма жана командама карата саясий куугунтукту колдонбоону өтүнөм. Саясий каталар болгон күндө дагы алардын баарына жеке өзүм жооптумун.

Саясатчылар келет, кетет, а эл калат. Солдаттар генералдын кылган каталарына жооптуу эмес. Биздин өлкөдө ар бир кадр, ар бир патриот маанилүү. Кээде биз каталарды моюнга алып, жолубузду улап кете беришибиз керек. Ошон үчүн мен элибизге гүлдөп-өнүгүү каалайм, Кыргызстан сөзсүз ири экономикалык секирик жасайт деп ишенем.

Жеке өзүмдү мен келечекте, эч кандай саясий кызыкчылыктарсыз, биздин Кыргызстанга, элибизге көмөк көрсөтүү, башкача айтканда, чет элдик инвестицияларды, алдыңкы дүйнөлүк технологияларды тартуу,  өлкөнүн социалдык жашоосун жакшыртуу, кайрымдуулук, билим берүү боюнча иштерде көрөм.

Мен мекенимди, элимди сүйөм жана дайыма Кыргызстаныма жардам берем. Биз өз өлкөбүздө, өз элибиздин ичинде гана бактылуу боло алабыз!»,-деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, 28-сентябрда, интернетке Бабановдун шайлоочулар менен болгон жолугушуусу көрсөтүлгөн видео жарыяланган. Анда кадр артында бир эркек киши видеого түшүндүрмө берип жатып, кыязы Бабанов этникалык азчылыкты келишпестикке чакырган деген.

Бирок кийинчерээк президенттикке талапкердин штабы видеонун түп нускасын жарыялаган. Анда улут аралык кастыты чагылдырган эч кандай чакырык болгон эмес.

Ссылка: https://barometr.kg/content10333



Добавить комментарий