Бабанов "Республика Ата-Журт" фракциясынын лидерлигинен кетти

13 ноября 2017 17:29 520 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 13-ноябрда, «Республика Ата-Журт» фракциясынын кезексиз жыйынында депутаттар Өмүрбек Бабановдун арызын колдоду.

Анда Бабанов фракциянын лидерлигинен өз арызы менен кеткени жазылган.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча депутаттар Бабановдун арызын кабыл алышты.

Белгилесек, Башкы прокуратура депутатка карата «Конституциялык түзүлүштү өзгөртүүгө чакырык жасоо», «Раса, диний, улут аралык кастыкты козутуу» беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Ал эми Бабанов муну негизсиз деп эсептейт.

Эске салсак, 28-сентябрда, интернетке Бабановдун шайлоочулар менен болгон жолугушуусу көрсөтүлгөн видео жарыяланган. Анда кадр артында бир эркек киши видеого түшүндүрмө берип жатып, кыязы Бабанов этникалык азчылыкты келишпестикке чакырган деген.

Бирок кийинчерээк президенттикке талапкердин штабы видеонун түп нускасын жарыялаган. Анда улут аралык кастыты чагылдырган эч кандай чакырык болгон эмес.

Учурда Өмүрбек Бабанов чет мамлекетте жүрөт. Алдын ала маалыматтарга таянсак, депутат Россияда.

Ссылка: https://barometr.kg/content8603



Добавить комментарий