Кикбоксчу Дастан Али Шаршеев эл өкүлдөрүн калпакты мыйзам чегинде коргоого чакырды

26 декабря 2017 11:17 867 Barometr
Поделиться в:
ok

Белгилүү кикбоксчу Дастан Али Шаршеев, депутаттарды улуттук баш кийимибиз болгон ак калпакты сактоо тууралуу нормаларды кабыл алууга чакырды. Бул боюнча ал интернеттеги баракчасына жарыялаган видеокайрылуусунда билдирген.

Дастан Али Шаршеев, мыйзам чегинде чара көрүү керек деп эсептейт.

"Ак калпак кылымдар бою кыргыз элинин символу эсептелип келген. Кыргыздар өзүнүн гана салтын урматтабастан, ошондой эле бөлөк улуттун каадаларына дагы сабыр менен мамиле жасап келет. Буга байланыштуу, мындан ары кыргыздын символдорун басынтууга багытталган бардык иш-аракеттер жазаланышы үчүн, маселени мыйзам чегинде чечүүгө чакырам. Анткени, ак калпак улуттук баш кийим гана болбостон ал урмат-сыйдын белгиси. Кыргыздар калпакты уулдарына, аталарына сый иретинде кийгизишет»,-дейт ал.

Белгилесек, кикбоксчу рингге дайыма ак калпак кийип чыгат.

Эске салсак, буга чейин Бишкектеги соода борборлордун биринде өткөн иттердин мода көргөзмөсүндө итке калпак кийгизип коюшкан. Соцтармакта колдонуучулар буга нааразылыгын билдиришкен.

Ссылка: https://barometr.kg/content10176



Добавить комментарий